Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:19

Орусиянын тышкы иштер министри Лавров Ташкентке барды


Сергей Лавров Ташкент аэропортунда. 27-июль, 2022-жыл
Сергей Лавров Ташкент аэропортунда. 27-июль, 2022-жыл

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ташкентке жумуш сапары менен барды. Бул тууралуу орус тышкы саясий мекемесинин Телеграм каналы кабарлады.

Лавров Шанхай кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышмакчы.

“Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдагандай, бейшембиде ал Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушары пландалган.

Ташкентке барардын алдында орус башкы дипломаты Африканы кыдырып, Египет, Конго, Уганда жана Эфиопияда болуп кеткен.

Айрым эксперттер Украинага басып киргенден кийин Батыштын санкцияларына, изоляцияга туш болгон Орусия өнөктөш табууга аракеттенип жатканын белгилешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG