Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

АКШ Алина Кабаева баштаган орусиялык жарандарга санкция салды


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Алина Кабаева.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Алина Кабаева.

Америка Кошмо Штаттары Орусиянын Украинага баскынчылыгына байланыштуу санкцияларын кеңейтип, орусиялык ири бизнесмендерди жана ондогон компанияларды кара тизмеге киргизди. Ишканалардын арасында "Магнитогорск металлургиялык комбинаты" менен "Сколково" фонду да бар.

Жеке адамдардын тизмесинде аталган металлургиялык заводдун башчысы Виктор Рашников, "Фосагро" холдингинин мурдагы директору жана миллиардер Андрей Гурьев, "Еврохим" ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Андрей Мельниченко, "Түтүк металлургиялык компаниянын" директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Дмитрий Пумпянский жана башкалар бар. Санкциялык тизмеге мындан сырткары Олимпиада чемпиону, президент Владимир Путин менен мамилеси бар деп саналган Алина Кабаева да кирди.

Шейшембиде Канада дагы Орусияга карата санкцияларын кеңейтип, бул өлкөнүн аскердик жана коргонуу тармактарындагы бир нече жетекчилерди кара тизмеге кошту. Анын тизмесине бул жолу 43 адам жана 17 юридикалык жак кирди.

Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын деп саналган Олимпиада чемпиону Алина Кабаева менен мамлекет башчынын мурдагы жубайы Людмила Очеретнаяга биринчи болуп Улуу Британия 13-майда санкция салган. Кабаеваны кийин Евробиримдик да кара тизмеге киргизген.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары бийликтеги өз булактарына таянуу менен Алина Кабаеваны Путиндин жубайы жана алардын эки баласы бар экенин жазып келишет. Швейцариялык SonntagsZeitung гезити Кабаева Путинден 2015-жылы жана 2019-жылы эки балалуу болгонун маалымдаган. Кремл бул маалыматтарды ырастаган да, төгүндөгөн да эмес. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG