Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Президенттик администрациянын Маалыматтык саясат кызматын Дайырбек Орунбеков жетектейт


Дайырбек Орунбеков
Дайырбек Орунбеков

Президенттик администрациянын Маалыматтык саясат кызматынын башчылыгына Дайырбек Орунбеков дайындалды. Бул тууралуу 3-августта расмий кабарланды.

Аталган кызматты буга чейин жетектеген Алтынбек Жумаев иштен бошотулуп, президентке кеңешчи болду.

35 жаштагы Дайырбек Орунбеков адегенде журналист катары таанылган. Кийинчерээк мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кескин сындаган жарандык активист катары белгилүү болгон. 2015-жылы сот аны моралдык зыян үчүн Атамбаевге 2 млн. сом доо төлөөгө милдеттендирген. Кийин Орунбековго козголгон кылмыш иши ага карата колдонулган мунапыстын негизинде өндүрүштөн кыскартылган.

2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин ошол кездеги мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун тарапкери болуп жүргөн. 2018-жылы социалдык өнүгүү министрине кеңешчи, 2021-жылдын январында "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчисине кеңешчи болгон. Азыркы кызматына келгенге чейин "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасында бөлүм башчы болуп иштеди.

Ошондой эле Орунбеков Бажыдагы коррупцияга байланышкан иликтөөлөрдүн фигуранты болгон Раимбек Матраимовдун таламын талашып, иликтөөчү журналисттерди сындап жүргөн. Kloop басылмасы анын Матраимовду колдогон троллдор фабрикасына тиешеси бар экенин жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG