Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Пелоси АКШ Тайвандагы демократияны колдой турганын айтты


Нэнси Пелоси Тайванда.
Нэнси Пелоси Тайванда.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси иш сапарынын алкагында 3-августта Тайвандын президенти Цай Инвэн менен жолукту. Ал анда Кытайдын Тайванды өзүнүн аймагы катары көрөрүнө карабай Вашингтон өзүн-өзү башкарып жаткан аралды колдой турганын айтты.

“Дүйнө бүгүн демократия менен автократиянын ортосунда тандоодо турат. Ушундай шартта Американын 23 миллиондук тайвандыктар менен тилектештиги өтө маанилүү. АКШ Тайванда жана дүйнөдө демократияны сактап калуу чечкиндүүлүгүнөн кайтпайт”,- деди Пелоси аралдын президенти менен жолугушуу учурунда.

Президент Цай Инвэн спикерге Тайванды көп жылдан бери колдоп келгени үчүн ыраазычылык билдирип, атайын орден менен сыйлады.

“Аскердик коркутууларга туш болсо да Тайван артка кайтпайт. Биз өз өлкөбүздүн суверенитетин бекем сактайбыз жана демократияны коргоону уланта беребиз”, – деди Цай Инвэн.

Нэнси Пелоси 2-августта Кытайдын бийлигинин эскертүүлөрүнө карабай Тайванга иш сапар менен барды. 3-августта ал жергиликтүү парламент депутаттары менен да кездешти.

Пелоси АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Ньют Гингричтин 1997-жылкы сапарынан кийин келген экинчи спикер болуп калды. Азыркы спикер мындан ары визитин Түштүк Корея, Сингапур, Малайзия, Жапонияга улантат.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пелосинин ыктымал сапарын өзүнүн суверенитетин бузуу катары баалаган жана Вашингтон үчүн оор кесепетке алып келерин эскерткен. Америкалык делегация келгенден кийин да кытай аткаминерлери кескин билдирүүлөр менен чыгып жатат.

Америкалык аткаминердин сапарын утурлай Бээжин аскерлерин чек арасына топтоп, Тайвандын аба мейкиндигинин айланасында аскердик машыгуу өткөрүп жатты. Кытай алардын карамагында көптөгөн кыргын салуучу учактар (истребитель) бар экенин эске салып, аралды кайтарууга аларын маалымдаган.

1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган Гоминдан партиясы өлкөнүн Тайван аралында баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт. Тайван Тайбэй шаарын өз борбору деп санайт.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG