Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

9-августта айрым аймактарда өткүн өтөт


Кыргызгидромет кызматы 8-12-август аралыгында аба ырайы туруксуз болорун, нөшөрдөн улам тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертүүдө.

9-августта Ысык-Көл, Чүй облустарынын айрым аймактарында, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтөт.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29,

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 26...31,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 19...24, күндүз 30...35 градус ысык болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...5, күндүз11...16 градус жылуу.

Бишкек шаарында түштөн кийин өткүн өтүшү мүмкүн. Түнкүсүн 18...20, күндүз 29...31° жылуу болору күтүлүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG