Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:58

Чек ара кызматы ок тийген өспүрүм боюнча жаңы маалымат таратты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы иликтөө иштеринин жүрүшүндө катардагы жоокер К.Ж.у чек ара кезметинин курамында болуп, уставдын талаптарын бузуу менен жакын жерде ойноп жаткан балдарга курал алууга уруксат бергени белгилүү болгонун билдирди. Балдардын бири кокусунан ок чыгарып, ал сегиз жаштагы балага тийген.

“Окуя боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы жана укук коргоо органдары тарабынан иликтөө иштери жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Чек ара кызматы 7-августта Миң-Өрүк айылынын четинде кызмат өтөп жаткан жоокер К.Ж.у. Куралдуу күчтөрүнүн уставынын талаптарын бузуу менен кокустан ок чыгарып, анын кесепетинен А.С. аттуу өспүрүм жаракат алганын билдирген.

Башкы прокуратура ушул эле окуя боюнча башкача өңүттөгү маалымат таратып, анда чек арачылар нөөмөттө турган жерге жергиликтүү үч өспүрүм келип, жоокер алаксый түшкөндө анын куралы менен балдардын бири экинчисин атып жибергени айтылат.

Жаракат алган өспүрүм Баткен облустук ооруканасында жатат. Дарыгерлер анын абалын оор деп баалап жатышат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG