Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Эстония Шенген визасы бар орусиялыктар үчүн чек арасын жабат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эстония (өзү тарабынан берилген) Шенген визасы бар Орусия жарандары үчүн чек арасын жабат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Урмас Рейнсалу өкмөттүн 11-августтагы жыйынында билдиргенин “Азаттыктын” орус кызматы жазды.

Рейнсалунун айтымында, расмий Таллин орус жарандарына Эстония тарабынан берилген Шенген визаларына санкция салууна пландап жатат. Маалыматка караганда, визалар күчүндө калат бирок аны менен орусиялыктар Эстонияга кире албайт.

Мындай чектөө Эстония берген визаларга гана тиешелүү жана башка Шенген өлкөлөрү берген визаларга жайылтылбайт. Бирок келерки аптада эстон өкмөтү Орусиянын бардык жарандарын киргизүүгө тыюу салуу жолдорун талкуулаганы жатат.

Урмас Рейнсалунун айтымында, Эстония берген Шенген визасы менен орус жарандары Шенген келишиминин башка өлкөлөрүнө жана Европа Биримдигине (Ирландиядан башка) кире алат.

Буга чейин Эстония Орусиянын жарандарына Шенген визасын берүүгө тыюу салуу демилгесин көтөргөн. Евробиримдикке Орусиянын жарандарына Шенген визасын берүүгө тыюу салуу сунушу 10-августта расмий киргизилген.

Европа Биримдиги 26-февралдан баштап Орусия менен жеңилдетилген виза режимин убактылуу токтоткон. Европанын бир катар өлкөлөрүнүн элчиликтери жана виза борборлору орусиялыктарга кыска мөөнөттүү Шенген визасын берүүнү азайтты же толугу менен токтотту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG