Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Ислам шериктештиги оюндары: Тыныбекова жана Акматалиев финалга чыкты


Балбан Эрназар Акматалиев V Ислам шериктештиги оюндарында. 11-август, 2022-жыл. Конья, Түркия.
Балбан Эрназар Акматалиев V Ислам шериктештиги оюндарында. 11-август, 2022-жыл. Конья, Түркия.

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам Шериктештиги Оюндарында кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова жана Эрназар Акматалиев финалга чыкты.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күч сынашкан Айсулуу Тыныбекова казакстандык Ирина Кузнецованы жана сенегалдык Гоудиаби Сафиетоуну жеңип, финалдык таймашка жолдомо алды. Тыныбекова финалда гвинеялык Камара Йарие менен күрөшөт.

Ал эми эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев үч атаандашын утуп, финалга жолдомо алды. Алгач түркмөнстандык Мекан Оразовду, чейрек финалда тажикстандык Жамшед Шарифовду 11:0, жарым финалда азербайжандык Асгар Маммадалиевди 12:1 эсебинде жеңди. Алдыда финалда ирандык Хоссейн Абузарипашаколаи менен беттешет.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 21:30да башталат.
V Ислам Шериктештиги Оюндары 9-августта расмий ачылды. 10-августта эркин күрөштөн Алмаз Сманбеков (57 кг) күмүш жана Нуртилек Карыпбаев (86 кг) коло медал алды.

Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңге жакын катышуучу спорттун 20 түрүнөн таймашып жатат. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу спорттун 16 түрүнөн таймашат. Мелдештер 18-августка чейин уланат. (GT/ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG