Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

Иран өзөктүк келишим боюнча соңку сунушка жооп берди


Ирандын атомдук электр станциясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Ирандын атомдук электр станциясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Ирандын бийлиги өзөктүк программа боюнча Европа Биримдиги сунуштаган келишимдин соңку текстине жооп берди. Анын деталдары толук кандуу айтылган жок.

Мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги 16-августта кабарлагандай, расмий Тегеран келишимди кабыл алууга жалпы жонунан макул болгон, бирок үч маселе боюнча гана доомат арткан. Анда Ирандын бийлиги кайсы бир өңүттөрдө АКШнын кепилдигин талап кылганы айтылат.

Күн мурун Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир-Абдоллахиан алар бир сутка ичинде жооп берерин белгилеп, соңку келишимди кабыл алуу үчүн Вашингтонду аз-маз ийге келүүгө чакырган.

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары жана сүйлөшүүлөрдүн координатору Жозеп Боррелдин өкүлү Ирандын кагаз түрүндөгү жообун алышканын, ал изилденип жатканын ырастады. Ал дагы башка деталдарды келтирген жок.

2015-жылы Иран алты мамлекет – Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия менен өзөктүк макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Тегеран өзүнүн өзөктүк программасын чектемек. Бул үчүн ага салынган санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШ Тегеранды өзөктүк курал өндүрүүнү улантып жатат деп айыптап, келишимден чыгып кеткен. Натыйжада ага каршы чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан.

Келишимди кайрадан жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр былтыр апрелде Венада башталган. Ал жыйынтыкталып калганы айтылганы менен тараптар бир пикирге келе албай, сүйлөшүүлөр улам-улам үзгүлтүккө учурап жаткан. Жаңы келишимдин долбоору диалогго катышып жаткан өлкөлөргө 8-августта жеткирилген. Жозеп Боррел, бул долбоор “соңку текст болчу жана ал “ооба”, же “жок” деген гана жоопту талап кыларын, ал кабыл алынбаса сүйлөшүү уланбай калышы мүмкүндүгүн эскерткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG