Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Эстонияда советтик эстеликтерди алуу иштери баштады


Эстониянын Нарва шаарындагы Т-34 танкынын эстелиги. Архивдик сүрөт.
Эстониянын Нарва шаарындагы Т-34 танкынын эстелиги. Архивдик сүрөт.

Эстониянын бийлиги 16-август күнү Орусия менен чектешкен Нарва шаарындагы Экинчи дүйнөлүк согушка арналган Т-34 танкынын эстелигин алып салды. Инженерлер демонтаждоо иштерин полициянын жана коопсуздук күчтөрүнүн коштоосунда жүргүздү.

Премьер-министр Кая Каллас бул окуяны комментарийлеп жатып, чечим Эстониянын коопсуздугун камсыздоого көңүл бурууга жана Украинадагы согуш жараткан кризистен чыгууга эстон элине жардам берерин айтты.

Нарва шаарында негизинен орус тилдүү калк жашайт. Мурдараак эстон бийлигинин бул эстеликти алып салуу тууралуу чечими жергиликтүү айрым тургундардын арасында нааразылык жараткан, 100дөй адам митингге чыккан. Аталган чечимди Орусиялык аткаминерлер да сынга алышкан.

Эстониянын өкмөтү коомдук жайларда советтик эстеликтерди баарын алып салуу жөнүндө чечимин августтун башында кабыл алган. Эстон мамлекетинде советтик мезгилде курулган жалпы 400дөй монумент бар.

2007-жылы Эстонияда Бошотуучу жоокер (Воин-освободитель - Бронзовый солдат) эстелигинин Таллиндин борбордук бөлүгүнөн аскердик мүрзөгө которулушуна байланыштуу нааразылыктар өткөн. Акциялардын алгачкы күнү 57 адам, анын ичинде 13 полиция кызматкери жаракат алган. Баш аламандыктарда жабыр тарткан бир адам каза болгон, 300дөйү кармалган.

Эстониянын өкмөтүнүн бул аракеттерин Орусиянын жетекчилиги жана коомчулугу терс кабылдаган. Москвада эстон элчилигинин алдында пикеттер өтүп, эстон товарларына бойкот жарыялап, Эстонияга барбоого чакырыктар ташталган. (ErN)

XS
SM
MD
LG