Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:25

Ноокатта көз жарган секелекке байланыштуу тергөө башталды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16 жаштагы кыздын кош бойлуу экендиги тууралуу кабар алгач Ноокат райондук милициясына ушул жылдын 17-июнунда түшкөн.

Кыз августтун башында көз жарган. Факт Ички иштер министрлигинин электрондук журналына катталып, тергөө жүрүп жатат. Шектүү катары Ноокат шаарынын тургуну кармалган.

Балдар кодексинин 94-беренесинин 4-пунктундагы эрежелерден улам милиция мындан башка маалымат берген жок.

Секелектин кандай шартта кош бойлуу болгону азырынча белгисиз. (ArN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG