Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 07:03

"Көп талант өттү билинбей". Мамбеталы Таранчиевди эскерүү


Иллюстрациялык сүрөт.

Макаланын автору Аманбек Жапаров - журналист, педагог-режиссер. 1979-1983-жылдары Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик көркөм өнөр институтунун режиссура бөлүмүндө окуган.

Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрында артист жана режиссёр болуп иштеген. “Азаттык” үналгысы менен 1998-жылдан тартып кызматташып, ондогон маек жана макалаларды жазган. Соңку жылдары кыргыз искусствосуна, көркөм өнөрүнө бараандуу салым кошкон инсандар тууралуу макалаларды жазып келүүдө.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

"Ырдын тексти кайда калганын билбей калбадымбы..."

1983-жылдын жайында Ат-Башынын Босого жайлоосунда "Кожожаш" ("Ак илбирстин тукуму") тасмасы тартылып, дастанчы, акын жана белгилүү актер Орозбек Кутманалиев дагы киного түшкөн. Тыныгуу маалында өткөн-кеткен кызыктуу окуялардан кеп салып, волейбол ойногондо так түйүлүп секирип топ чабаар эле. Бир күнү Нарын театрынын артисти Мамбет Таранчиев мезгилсиз дүйнөдөн өттү деген суук кабарды угуп, Орозбек аба "Булбулдун өчүптүр үнү, Мамбетимдин түшүптүр түнү" деп каңырыгы түтөп калды.

"Какен Алмазбековдун "13 жашар баланын арманы" деген текстине жазылган обон элге алынып кетти. Ошол ырдан кийин Мамбет "Оорулуу жигиттин арманы" деген текст жазып, обонго бир көрчү" деди эле. Талаа-түздө жүрүп тексти кайда калганын билбей калбадымбы", - деп кейиген Кутманалиев.​

Мамбет абанын кол жазмаларын таап, текстин компьютерге терип жатып ошол ырды окуп калдым.

"Жаны жок жарым капталым,
Жалдырап сыздап жатканым.
Узарып улам баратат,
Убайым уусун татканым.
Жалбарып күндө тагдырга,
Жашымдын тыйбай акканын,
Жазыксың муңга жанчылып,
Жашыман шорум катканын,
Капыстан калса бир көрүп,
Кайгыны канча тартканым,
Болсо да кандай адамзат,
Боору ачый турган чактамын".

Байбичеси Бермет ападан Мамбет абанын бул ырды жазып калганына эмне себеп болгонун сурадым. Балким, өзүнүн тагдырын жазгандыр деген ой кетти. Бермет апа чыгарма анын "акындык фантазиясы" экенин айтты.

Тагдырдын тамашасына айла жок тура, обон чыгарам деген Орозбек аба өттү дүйнөдөн, текстти жазган Мамбет аба кетти дүйнөдөн.

Мамбеталы Таранчиев

Мамбеталы Таранчиев 1933-жылы Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күңгөй айылында төрөлгөн экен. Анын туулган жылы боюнча бир топ талаш бар. Иниси Жекшенбай агасы болжолдуу 1929-жылы төрөлгөнүн айтып келет.

Атасы Таранчы Миңжылкы уулу согушка барып, эмгек лагеринде кызмат өтөгөн. Түпкү теги Ысык-Атадан болот, бардар жашаган Миңжылкы болжолу 1907-жылы кайтыш болот. Азыр Ысык-Атада "Миңжылкынын жайлоосу" деген жер ал кишинин ысымын алып жүрөт.

1930-жылдары "байдын тукуму" деп кулакка тартуу саясаты күч алганда Таранчы үй-бүлөсүн алып, жер оодарып Беш-Күңгөйгө тайларына келип баш калкалайт.

Ал 1949-жылы республикалык куурчак театрында иштеп артисттик өнөрдү, аткаруучулугун арттырып, өнөрпоздордун уюткусу болгон улуттук филармонияга кабыл алынат.

Ал жерде эл аспаптар оркестринин солисти болуп, ак таңдайлар Ы. Борончиев. Т. Шабданбаев, А. Айталиев, Э. Турсуналиев, Ж. Чабалдаев, Т. Тыныбековдор менен үзөңгүлөш иштеп, айтыш өнөрүнө зор салым кошкон.

Билгендердин айтымында, ак жаандай сабалап, аткаминерлерден ийменбей, бетке айткан. Анын ырларынан саясий кынтык издегендердин курмандыгы болуп, филармониядан кетүүгө аргасыз болгон дешет.

1978-жылы Нарын театрында иштеп жүргөндө 51 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаев таланттуу кишинин эч бир жерде эскерилбей, коомчулукка белгисиз болуп калганын:

"Көргөнү кайгы сүйүнбөй,
Көп талант өттү билинбей.
Айтылбай канча муң кетти,
Ачылбай канча сыр кетти.
Чек койгон заман андагы,
Ырдалбай канча ыр кетти,
Чертилбей канча күү кетти", - деп ырдаган.

Чынында, өз доорунда таланты толук ачылбай, кийин унутта калып, чыгармалары элге жетпей калган өнөр адамдары көп болду. Мезгилдин өтүшү менен алардын ысымы унутулуп, эстеген жан болбойт.

Биз Мамбеталы Таранчиев тууралуу азыноолак болсо да сөз кылып, "заман чек коюп, ырдалбай ыры калган" таланттардын бирин эскердик.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG