Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Элмирбек көргөндү ким көрдү?


Элмирбек Иманалиев.
Элмирбек Иманалиев.

Эсил кайран Элмирбек Иманалиевди төкмө акын деп билчүбүз. Манасты да жакшы айтчу экен. Улуу көчтүн өксүбөй уланышына жол чаап, шакирттерине бийик өрнөгүн көрсөтүп кетти. Дээринде көп кырдуу шык-жөндөм чылк уюган экен! Шум ажалга жулдуруп ийбесек, Элмирбектин жазуучулук таланты да ташкын дайрадай агылмак экен деп кайгырдым, ушул кош баракка сыйган сыры терең баянын окуганда...

Төө куштай болбо...

Элмирбектин бул өзгөчө баяны – “КӨРҮП ТУР” менен “УГУП АЛ”. Муну көлөмүнө карай чакан аңгеме десе болчудай. “Көрүп тур” деп базардагы кыжы-кыйма турмушту бир сүртүм менен эле алаканга салгандай элестүү сүрөттөп, көз алдыбызга тартып койгон:

“Алган менен бергендин, жалган менен чындын, арзан менен кымбаттын тузуна чыланган базар кайнап турду”.

Андан ары “күн көрүү” дегенди түз да, өтмө да (бир нече катмарлуу) мааниде келтирет сөз чебери:

“Кээ бирөөлөр жерге малып алган башын өйдө көтөрүп, бир көзүн ыкшыйта жумуп, базардын как чокусуна келип алган күндү шыкаалайт. Күн көрүп деген ушул окшойт!?”.

“Бир убакта Күндүн бетиндеги калдай болуп араба сүйрөгөн тестиер бала көрүндү”.

Бир караганда, базардагы баарыбыз көрүп-билип жүргөн эле турмуш. Бирок өзгөчө сырдуу башталган сүрөттөөнүн ичинен булкуп чыгар эң таасирдүү жери башталганда, көркөм сөздүн кудуретине тан беребиз:

“Саргыч тарткан эски жоолукту оозу-мурду, кулак-башына чейин ороп алган аялга бала какшап түшүндүрүп келатты. "Угуп ал!" дейт, "ол менин атам эмес, угуп ал!" дейт. Ашата сөгүп келатат. "Ол, жинди" дейт”.

Баланын “кулакка сайылган” “ачуу үнүн” укпай коё алабызбы?!.

Жазуучу четин эле чыгарып, кыйыткан жагдайдын тереңине окурман өзү рухий дареметине, табитинин жетиктигине жараша сүңгүп кириши керек. Мисалы, өзүнөн чоң тачкени түрткөн бала өгөй атасына же өзүнүн эле өгөйдөн бетер мерез атасына болгон жек көрүүсүн айтып бараткандай... Жанындагы тумчуланган аял – баланын бактысыз апасы сыяктанат. Ал баласынын “какшаганынан укпаш үчүн жоолукту тигинтип салынып алган окшойт”.

Тумчулама жоолук – бул хиджап. Ырас, бул аялдардын баары (жоолук салынбагандары да) текши бирдей эмес. Алардын арасында жалаң эле намаз менен чектелип калбаган билимдүүсү, энелик мээрден баласын өксүтпөй, эркин мокотпой, дүйнө таанымын өстүрүүгө кам көргөн асылзаттар да бар. Бирок үй-бүлөдөгү милдеттерине көз жумуп, баарын кудайга шылтап коюп, көөдөй түнгө чөккөн караңгылар да көп, тилекке каршы... Туңгуюкка өз эрки менен эмес, аргасыз кептелгендер канча!..

Бул сөздөрдүн бири да Э. Иманалиевдин чыгармасында жок. Бирок ишарат кептин (мисалы, “укпаш үчүн” дегендин) учугун улаганда ушундай ойлор чууруп келе берет...

Көкүрөк туйганды көз көрсө...

Чыгарманын аталышында адамдын угуу жана көрүү сезимдерин салыштырган, кайсы бир деңгээлде карама-каршы койгон маани бар. “Миң уккандан бир көргөн артык”, “калп менен чындын аралыгы төрт эли” (элдик жомокто кулак менен укканың калп болушу мүмкүн, өз көзүң менен көрмөйүнчө ишенбе деген мааниде айтылат) сыяктуу макалдар кездешет эмеспи.

Бирок Элмирбектин аңгемесинде булардын эзелтен айтылып келгенден башка да мааниси бар.

“Жана аялымдын "көрүп келейин" дегени мага "көрүп тур" дегени да ушул күн экен да көрсө...

Көпчүлүк аарыдай ызылдап, бир эле сөздү сүйлөп жаткандай. Ансыз да азыр дүйнөдө бир эле сөз калдыбы деп ойлойсуң...”

Кулак угуп, көз көргөндү да ар ким ар башкача кабылдайт. Тигиле карап турса да, эң керектүүсүн байкабаган, күн сайын беш ирет кулагына куюлган сөздүн эң маанилүүсүн түшүнбөгөн пенделер канча?

Демек, көп жашаган эмес, көптү көргөндүн деле баары биле бербейт тура турмуш чындыгын. Билгени да үстүрт же күңүрт. Ошондуктан билимдүү, илимдүү же көсөм деп таанылгандарды ээрчип, көпчүлүк туура деп эсептелген нерселерди эч түшүнбөсө да кайталап жүрөт...

Кеп динде эле эмес: аны да ар ким дээрине жараша түшүнөт – “акыл менен кудайды тааныйт”. Анүстүнө таасири динден калышпаган идеологиялар да адамдарга өзүнүн “көз айнегин” кийгизет. Көргөн-укканыңдын баарын өз акылың менен ылгап, сергек түшүн, тандаган жолуң үчүн өзүң жоопкерчиликтүү бол” дегендери да бар.

Ак-караны текши өз-өз ордуна коёт деп таразасына жалпы адамзатты сыйындырып койгон базар экономикасынын казаны азыр буркан-шаркан кайнап турган чак. Ырас, өндүрүш, соода мамилелерине бийлик кийлигишпей, эркин, калыс атаандаштыкка шарт түзүп эле берсе, эл өзү да байып, мамлекетти да гүлдөтөт дегендин чындыгы бар. Бирок...

Дал ушул базар таразасы, анын улам көптү “керектегенге” азгырып турган деми адамдарды космостогу туңгуюк тешик оп тарткандай жутуп бараткан жокпу? Анткени базар мыйзамы адамдын керектөөчүлүк, б.а. ач көздүк насилине таянат. “Керек” деген нерселердин канчасы канчалык керек да, канчасы бүт бойдон зыяндуу?..

Улам бир жерден тутанып, тозок отундай алоологон согуш өртү да ушул топуксуз “керектөөчүлүктөн” келип чыгып жатпайбы?

Элмирбек каарманынын көргөнүн тегиз тизмектеп отурбай, демейки турмушта байкалбаган, жетиштүү же такыр маани берилбеген көп нерселерге кылдат кыйытуулар менен эле көңүлүбүздү буруп коюптур:

"Эми кантип алаксыйм" деп атып эл үйөрдөй агып кирип аткан базардын ажыдаардай оозуна карадым. Майлаган кайыштай жылтыраган кара тору киши азирети Өмөр Шайыктан бешбетер келберсип, колундагы теспени айландыра, кыңылдап ырдаган болуп, буйлаланган төөлөрдөй авто унааларга, тирелген жүктөрүнө тигиле карап, пайгамбардан калган улуу сооданы жалгыз мурастап алгансыган, кейпи заманга куп жарашып, базардын алкымына тыгылып турганын көрүп бир аз алаксыган болдум…”

Эмне деген сыйымдуу сыйкыр көрүнүш! Кадимки Сальвадор Далинин кыл калемине жарашкыдай – көргөн кишини аң-таң калтырып, терең ойго салгыдай сүрөттөө. Мында байыркы соодагерлердин төөчөн кербени менен азыркы авто-тыгын аралашып, ар башка доорлор менен мейкиндиктер айкалышып кеткендей...

Мунун баарына аңкая тиктеп, оозубуз ачылган бойдон туруп калабызбы же жашоо агымынын ички, тереңден келген доошун да угуп-туюп, көкүрөк менен көрүүгө – түшүнүүгө аракеттенебизби?..

  • Элмирбектин туйганын ким туйду?
  • Залкардын көргөнүн ким көрдү?
  • Теңирди да Айтматов билген жакын тереңдикте түшүнүүгө ким умтулуп келет?..

(Бул чыгарманы адабият таануу, маданият таануу, философия ж.б. өңүттөрдөн талдаса, ар бир сүйлөмү эле өзүнчө илимий макала жазууга өзөк болчудай).

Жолдош Турдубаев

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG