Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

Сауд Арабиясы Өзбекстанда дүйнөдөгү эң чоң шамал станциясын курууну пландап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги жана Сауд Арабиянын Энергетика министрлиги менен компаниялардын ортосунда 12 миллиард долларлык үч ири келишимге кол коюлду.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, келишимдер эки өлкөнүн отун-энергетикалык комплексиндеги кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн аянтча болуп калат деп болжолдонууда.

Биринчи документ Каракалпакстанда ACWA Power компаниясы тарабынан 1,5 ГВт шамал электр станциясынын курулушуна тиешелүү. Маалыматка караганда, ал аймактагы эле эмес, дүйнөдөгү эң ири шамал электр станциясы болот. Шамал станциясынын кубаттуулугу 1,65 миллион үйдү электр энергиясы менен камсыз кылат деп пландалууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG