Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Муфтият: ажылык сапарга кезекке тургандардын акчасы кайтарылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) 2019-жылдан ушул кезге чейин акчасын төлөп ажылык сапар үчүн кезекте турган жарандарга кайрылды. Анда алар ажылык сапар үчүн берген акчасын кайтарып алышы керектигин, ошол эле маалда кезеги сакталып тура берерин билдирди.

Быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга ажылыкка барууга 2766 квота бөлгөн жана сапардын жалпы баасы 4500 доллар болгон. Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020 жана 2021-жылдары зыярат убактылуу токтоп турган.

Муфтият буга чейин Кыргызстандан ажылыкка барам дегендерден эки жыл мурда топтолгон 636 миң доллардын дайыны чыкпай жатканын билдирген.

Өлкөдө буга чейин ажылык сапарды уюштуруп өткөрүү жана топтолгон каражатка байланыштуу чуулуу окуялар катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG