Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Акылбек Жапаров кытай элчиси менен темир жол куруу долбоорун талкуулады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Кыгызстандагы элчиси Ду Дэвенди кабыл алды. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда тараптар соода-экономикалык, транспорт-логистикалык тармактарга өзгөчө көңүл буруп, алака-катыштын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Негизинен "Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан" темир жолун куруу тууралуу сөз болду.

"Бул темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууда олуттуу жылыштар бар. Жакында долбоордун активдүү фазасы башталат деп ишенебиз", - деди Акылбек Жапаров.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, элчи анда расмий Бээжин эки өлкөнүн ортосундагы авиакаттамдын санын көбөйтүүгө даярдыгын билдирди. Ошондой эле октябрда "Экспресс ден соолук" долбоорунун алкагында Кыргызстанда көздүн катарактасына 550 операцияны бекер жасоо үчүн Кытайдан дарыгерлер келиши пландалып жаткандыгын маалымдады.

Буга чейин аталган темир жол куруу долбоордун алкагында Кытайдан 80дей адис келгени кабарланган.

Президент Садыр Жапаров өткөн айда Бишкекте Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен жолугушууда темир жол долбооруна сентябрда Өзбекстанда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ)саммитинде кол коюуну сунуштаган. Ван И Бээжин үч тараптын катышуусунда техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүүгө макул болгонун билдирген.

Расмий Бишкек Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл күзүндө башталышы мүмкүн экенин маалымдаган. Муну кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да ырастаган. Анда тараптар бир катар маселелер боюнча мунаса тапканы жана Кыргызстандын аймагындагы долбоордун багыты аныкталганы кабарланган.

Кытайды Борбор Азия менен туташтырган темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөр 20 жылдан ашык убакыттан бери жүрүп келет. Ал жол регионалдык жана дүйнөлүк мааниге ээ болуп, Перс булуңуна чыкчу жаңы соода каттамын ачмак.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG