Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:17

Европа Биримдиги камактагы саясатчы Навальныйды бошотууга чакырды


 Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусияда камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный ууландырылган окуяга эки жыл толду. Буга байланыштуу Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель билдирүү таратты.

Боррель Евробиримдик саясатчыны өлтүрүү аракетин дагы эле айыптайт жана химиялык курал – “Новичок” уусун колдонуу фактысын акыйкат иликтөөгө чакыраарын белгилейт.

“Биз Орусиянын Украинага эч себепсиз, эч актоосуз согуш ачканы өлкө ичинде репрессия жана Кремлди кескин сындагандарды куугунтуктоо күчөгөнүн өкүнүү менен байкоо салуудабыз”, - деп айтылат Боррелдин билдирүүсүндө.

Биримдик оппозициячыл саясатчы Навальныйды бошотууга дагы бир жолу чакырды.

Навальный учурда Владимир облусундагы Мелехово шаарчасында күчөтүлгөн тартиптеги абакта отурат. Март айында Москва шаарынын Лефортово райондук соту оппозиционердин экинчи ишине байланыштуу тогуз жылга эркинен ажыраткан. Москва шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Сот Навальныйды "Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна түшкөн акчаны иштетүүдө алдамчылыкка барган, өзүнүн жеке иштерине колдонгон" деп тапкан. Мындан сырткары ага "мурдагы ишин караган сот Вера Акимованы кемсинткен" деген кине тагылган.

Президент Владимир Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный 2020-жылдын август айында ууландырылып, Германияга жеткирилген. Ал 2021-жылы январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалган жана жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.

Былтыр сентябрда Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө "экстремизмге" байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгон. Навальный өзү жана анын санаалаштары коюлган айыптарды саясий куугунтук деп эсептешет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG