Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Бишкекте коомдук транспортто телефон уурдоого шектелген жаран бир айга камалды


Шектүүнүн милиция тараткан сүрөтү.
Шектүүнүн милиция тараткан сүрөтү.

Бишкекте коомдук транспортто телефон уурдаган деп шектелип 33 жаштагы шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.

Милициянын кабарлашынча, 8-августта Бишкектеги маршруттук таксилердин биринен 13 миң сомдук телефонун уурдатканын айткан жаран арыз жазган. Факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурулук”) менен иш козголуп, шектүү кармалган.

Ленин райондук сотунун чечими менен 15-августта шектүү №1 тергөө абагына бир айга камалды. Учурда анын башка дагы уурулук кылмыштарга катышы бар-жогу иликтенип жатат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, өлкөдө 2022-жылдын алты айында мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу уурулук 1,4%, карактоо 15%, тоноо 5% көбөйгөн. Милиция коомдук транспортто уурулук көп болорун эскертип келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG