Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Юстиция министрлиги турак жай кооперативдерин көзөмөлдөөнү сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Юстиция министрлиги “Кооперативдер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Министрлер кабинетинин сайтында жарыяланган долбоордо акыркы мезгилде турак жай кооперативдеринен жабыркаган кишилер көп болуп жатканын белгилеп, алардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу сунушталган.

Анын негиздеме катында “турак жай-курулуш кооперативдеринин ишинде учурда финансылык пирамиданын бардык белгилери бар, алардын ишмердүүлүгү жөнгө салынышы керек” деп айтылат. Маалыматка ылайык, учурдагы мыйзамда алардын ишмердүүлүгүн органдар тескей албайт.

Мыйзам долбоорунда кооперативдин жетекчилеринин жоопкерчилиги да каралган. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, 162 коммерциялык эмес турак жай-курулуш кооперативи катталган. Булардын ишине байланыштуу эки жылда 140тай кылмыш иши козголгон.

Май айында Ички иштер министрлиги жыл башынан бери кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгү турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 130дан ашык кылмыш иши козголуп, 37 материал сотко жөнөтүлгөнүн маалымдаган. Кооперативдерге нааразы болгон акциялар өткөн.

Буга чейин Улуттук банк элден каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен. Өлкөдө кооператив аркылуу үй алгандар да бир топ экени айтылып келет.

Айрым кооперативдердин башчылары кармалып, алардын ишмердүүлүгү териштирилип жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG