Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:54

Кыйноолорго каршы борбордун жетекчилигине кайрадан Рысбеков тандалды


Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Координациялык кеңешинин жетекчи тандоо жыйыны. 15-август, 2022-жыл.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Координациялык кеңешинин жетекчи тандоо жыйыны. 15-август, 2022-жыл.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору болуп кайрадан Бакыт Рысбеков тандалды. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, сынакка үч талапкер катышып, Координациялык кеңеш Рысбековду тандашкан.

Мурда Акыйкатчы институтунда иштеп жүргөн Бакыт Рысбеков Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору болуп үчүнчү ирет тандалды. Борборго жетекчи эки жылга тандалат. Ал эки жыл мурун дагы Координациялык кеңештин сынынан өткөн. Буга чейин 2014-жылы дагы жетекчи болуп иштеген.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Координациялык кеңешинда 11 киши бар. Анын курамына жарандык коом өкүлдөрү, Омбудсмен, парламент депутаты кирет.

Расмий Бишкек 2008-жылы БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясына кошулуп, бул жаатта атайын орган ачуу милдетин алган жана мындай борбор 2013-жылы түзүлгөн. Бюджеттен каржыланган мекеменин ишине эл аралык уюмдар жардам берет жана борбордо жалпысынан 25 адам иштейт. Бул борбордун кызматкерлери баардык жабык жайларга эч тоскоолдуксуз кирүү укугуна ээ.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр аталган борборго 67 арыз түшкөн жана анын басымдуу бөлүгү милиция кызматкерлерине байланыштуу жазылган. Анда 40тан ашык факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөнү Улуттук коопсуздук комитети жүргүзгөн. 17 факты боюнча сотко чейинки териштирүү токтотулган, дагы беш кылмыш иши тергөөдө кыскарган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG