Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:14

Кырсыкта каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн атайын учак барат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү үчүн атайын учакты уюштуруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Бул иштерди президенттин тапшырмасы менен өлкөнүн Тышкы иштер, Транспорт жана коммуникациялар жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтери уюштурат.

Расмий маалыматка караганда, соттук-медициналык экспертизалар бүтүп, кырсыкта мерт болгондордун тек-жайы такталып, Орусиянын тергөө органдарынан маркумдардын сөөгүн алып чыгууга уруксат алынгандан кийин атайын рейс Ульяновск шаарына жөнөйт.

Элчилик тараткан маалыматка караганда, ушул тапта консулдук кызматкерлери окуя болгон жерде жүрүшөт. Алар кырсыкта жараат алып, ооруканада жаткан үч жарандан кабар алышты.

"Алардын абалы оң динамика менен туруктуу оор деп бааланып, керектүү дары-дармектер менен толук камсыз болгон", - деп айтылат маалыматта.

21-августта Ульяновскидеги катуу жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14ү кыргыз жарандары экени такталган. Дагы үч адам ооруканага жеткирилген жана алардын абалы оор.

Мерт болгондордун жакындары үчүн элчиликтин (+7 926 861 50 98, +996 551 312-000) атайын телефондору күнү-түнү иштеп жатат.

Маалыматтарга караганда, аварияга учураган кичи автобустагы кыргызстандыктар "кирди-чыкты" талабынан улам орус-казак чек арасына келип, кайра кайтып баратышкан.

Соңку учурда Орусиядагы мигранттарга каттоо талабынын күчөгөнүнө, кыргыз элчилигинин ишине байланыштуу сын-доомат көп айтылып жаткан.

Президент Садыр Жапаров Орусиянын Ульяновск облусундагы 14 кыргыз жаранынын өмүрүн алган окуяга байланыштуу кайрылуу жасап, 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялаганын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG