Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Болот Темировдун соту тергөөчүлөр келбегенинен улам 25-августка жылды


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Бишкектин Свердлов райондук соту бүгүн, 23-августта күбө катары сурак берчү тергөөчүлөр үчүнчү ирет келбегенине байланыштуу иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин кароону 25-августка жылдырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Темиров өзү кабарлады жана судья тергөөчүлөр Азамат Камалов менен Аман Асанакуовду кийинки жараянга мажбурлап алып алып келүүнү тапшырды.

Темиров жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон. Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Анын алдында журналисттин "Ютубдагы" Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.

Темировго жана Назаровго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон. Темировго паспорт, аскер билетин мыйзамсыз алуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана баңги зат боюнча төрт иш козголуп, алар баары бириктирилип каралууда. Тергөөнүн материалдарында анын аскердик билети Орусиянын жараны Адылбек Керимбековго таандык экени жазылган.

Журналист мыйзам бузбаганын айтып, бул иштерди куугунтук деп мүнөздөп келет.

УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тосуу болуп жатканын четке каккан. Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген.

Төкмө акын Болот Назаров "Ютуб" каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG