Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:54

Дача СУ: комиссия экс-премьер Абылгазиевдин маалыматын угат


Дача СУ. 2017-жыл, 16-январь. Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт.
Дача СУ. 2017-жыл, 16-январь. Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт.

Дача СУ каргашасын иликтеген коомдук комиссия кезектеги жыйынына мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди чакырат. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов "Азаттыкка" кабарлады. Комиссиянын кийинки отуруму сентябрдын башына белгиленген.

"Буга чейин жабыркагандарга деп чогултулган каражат бюджетке ишетилип кеткен деген маалыматтар болгон. Мурдагы премьер ушул тууралуу маалымат бериши керек", - деди ал.

Комиссия 25-августта жыйын өткөрүп, мамлекеттик органдардан, ишканалардан, жергиликтүү бийлик, күч органдарынан алынып, жыйналган материалдарды анализдеп, видео-фото материалдар менен таанышкеанын комиссиянын төрагасынын орун басары Мавлян Аскарбеков билдирди.

2017-жылдагы «Манас» аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна кулаган учак кырсыгынын жагдайларын иликтөө боюнча коомдук комиссия май айында түзүлгөн. Анын курамына саясатчылар, журналисттер жана активисттер кирген.

Мындан беш жыл мурда Бишкектин четинде, "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушуна Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Анда 85 тоннадан ашык жүк болгон.

Каргашада 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч каза тапкан. Кырсыктын алгачкы күнүнөн тартып эле каргашанын себеби, учактагы жүктүн ээси, адамдарды куткаруудагы аракеттерге байланыштуу бир топ суроо жаралган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG