Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

АКШ Айга ракета учуруу мөөнөтүн артка жылдырды


"Орион" кемесин Айга алып чыга турган SLS ракетасы.
"Орион" кемесин Айга алып чыга турган SLS ракетасы.

"Орион" кемесин Айга алып чыга турган өтө оор SLS ракетасын учуруу Флориданын Канаверал космодромунда 29-августта техникалык маселелерден улам ишке ашпай калды. Миссия "Артемида - 1" деген аталыш алган. АКШнын Аэронавтика жана космосту изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы (NASA) процессти түз көрсөтүп турду.

NASA SLS ракетасы биринчи стартка даяр болгонун бир апта мурдараак маалымдаган. Ошол учурда 2-5-сентябрь күндөр кошумча дата катары белгиленген. Кийинки аракет 2-сентябрда аткарылышы мүмкүн.

Учуунун максаты - дүйнөдөгү эң кубаттуу ракета деп саналган SLS ракетасын сыноо. Ал кийин астронавттарды айга алып чыгышы керек. Бул жолку учуусунда ал алып чыккан кеме Айдын орбитасында алты апта жүрүп, кайра жерге кайтып келет.

Миссия ийгиликтүү болсо астронавттар Айдын орбитасына 2024-жылдын экинчи жарымында учат. Андан бир айдан кийин айга конуучу миссия жөнөтүлөт. Акыркы жолу адам 1972-жылы "Аполлон-17" кемеси менен айга учкан.

АКШнын өкмөтү каржылаган айга адамдарды дагы жөнөтүү боюнча NASA агенттигинин космостук программасы "Артемида" деп аталат. Миссиянын түпкү максаты Айда адамдын узак мөөнөткө жүрүүсүн камсыздоо болуп саналат. Ага америкалык жеке компаниялар, Европанын космостук агенттиги, Жапония, Канада, Австралия, Улуу Британия, Италия, Бириккен Араб Эмираттары, Люксембург жана Украина катышат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG