Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

Темировдун соту: судьяга ишенбестик көрсөтүү арызы четке кагылды


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Бүгүн, 30-августта Бишкектеги Свердлов райондук соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин кароону улантты. Анда судья ага карата журналисттин ишенбестик көрсөтүү арызын канааттандырган жок. Ошондой эле бул жараянга күбө катары сурак берчү ички иштер органдарынын тергөөчүсү Аман Асанакунов эмгек өргүүсүндө жүрөт деген жүйө менен дагы келбегени белгилүү болду. Мындан бир күн мурдагы отурумда судья аны мажбурлап алып келүү тууралуу чечим чыгарган.

Темиров жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон. Анын алдында журналисттин Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин аты аталган.

Ташиев коррупция тууралуу дооматтарды четке каккан.

Темировго жана Назаровго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон.

Темировго паспорт, аскер билетин мыйзамсыз алуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана баңги зат боюнча төрт иш козголуп, алар баары бириктирилип каралууда.

Журналист мыйзам бузбаганын айтып, бул иштерди куугунтук деп мүнөздөп келет. Күч органдары анын айткандарын негизсиз деп эсептешет.

Төкмө акын Болот Назаров Ютуб каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет.

XS
SM
MD
LG