Франция менен Германия орусиялыктарга виза берүүнү биротоло токтотууга каршы чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин биргелешкен билдирүүсүндө баяндалганын DPA агенттиги жазды.
Берлин менен Париждин пикиринде, “Орусиядагы келечектеги муунду алыстатпоо маанилүү” жана “саясий куугунтукка алынып-алынбаганына карабай” Орусиядагы студенттерге, сүрөтчүлөргө, окумуштууларга, башка тармактагы адистерге Евробиримдикке кирүүгө мүмкүндүк берген азыркы укуктук базаны сактап калыш керек. Эки өлкө тең шенген визасын алууга тыюу салуу орус жергесинде улуттук жана антиевропалык маанайларды күчөтүшү мүмкүн деп эсептейт.Немис жана француз аткаминерлери ЕБдеги өлкөлөр “виза берүү боюнча маанилүү рычагды акылдуу жол менен пайдаланууну ойлонушу” зарыл.
Орусия Украинага кеңири масштабда аскердик чабуул жасагандан кийин Евробиримдиктеги айрым өлкөлөр, анын ичинде Балтика мамлекеттери, Польша жана Чехия орус жарандарына шенген визасын берүүнү биротоло токтотууну, же чектөөнү сунуштаган.
30-31-августта Прагада өтөт деп күтүлүп жаткан Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн министрлеринин расмий эмес жолугушуусунда ушул сунуш каралмакчы. Бул демилгеге Франция жана Германия баштаган өлкөлөр жана Еврокомиссия каршы чыкканы буга чейин эле айтылган болчу.
Financial Times сүйлөшүүлөргө катышып жаткан булактарга таянуу менен министрлер орусиялыктарга визаны жеңилдетилген шартта берүү тууралуу макулдашууну токтотушу мүмкүндүгүн жазган. Бул чечим кабыл алынса виза орусиялыктар үчүн мурдагыдай 35 евро эмес, 80 евро болуп калат жана арызды кароо мөөнөтү узарат. (ErN)