Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Сталинди Гитлерге салыштырган Леонид Гозман 15 суткага камалды


Леонид Гозман
Леонид Гозман

Москванын соту оппозициялык саясатчы Леонид Гозманды Сталинди Гитлерге теңегени үчүн административдик иштин алкагында 15 суткага камакка алды. Бул тууралуу “Азаттыктын” орус кызматы жазды.

Полиция Гозманга Фейсбуктагы посту үчүн протокол түзгөн. Анда ал “нацисттик Германиянын лидери Адольф Гитлер абсолюттук балекет (абсолютное зло) болгонун, ал эми СС аскердик түзүмү кылмышкер экенин” жазган. Ошол эле маалда саясатчы “советтик диктатор Иосиф Сталин менен менен НКВД андан жаман болушканын” белгилеген.

2021-жылы Мамлекеттик Дума коммунисттерди нацисттерге теңөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алып, ага президент Владимир Путин кол койгон. Бул административдик берене боюнча эң чоң жаза 15 суткага чейин камакка алуу.

Адольф Гитлер 1933-1945-жылдары нацисттик Германияны башкарган диктатор, Экинчи дүйнөлүк согушту баштаган. Иосиф Сталин СССРди 1922-жылдан 1953-жылга чейин жетектеген, өлкөдө тоталитардык диктатура орноткон. Тарых жана саясат таануу боюнча изилдөөлөрдө гитлердик Германия менен сталиндик СССРдеги окшоштуктар келтирилип жүрөт.

Леонид Гозман Орусиянын бийлигин кескин сынга алган саясатчы. Соңку айларда ал Путиндин Украинага кол салуу чечимдерин айыптап жаткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG