Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:05

ИИМ: милиция башчыны сындаган кызматкер аялын урганы үчүн иштен алынган


ИИМ.
ИИМ.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Абитовду сындап, социалдык тармактар аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылган мурдагы кызматкер тууралуу түшүндүрмө таратты. Анда милициянын улук лейтенанты Чубак Сыргакбек уулу былтыр жайында иштен алынганы, буга аялы менен үч жашар уулуна кол көтөргөнү негиз болгону айтылат.

"2021-жылдын 28-июлдагы Ош облустук соттук-медициналык экспертиза
бюросунун кортундусуна ылайык А.Ш жана уулу Ч. уулу Б. жеңил жараат алганы аныкталган. Тартиптик жазаларын эске алуу менен Сыргабек уулу Чубак укук коргоо органдарынан кызматтан бошотуу буйругу чыккан",-деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.

Мунун алдында Чубак Сыргакбек уулу Фейсбук аркылуу кайрылуу жасап, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Абитовду коррупцияга, мыйзамсыз иштерге байланыштуу айыптаган жана мындай көрүнүштү айтып чыкканы үчүн кызматтан алынганын билдирген. Ал аялын урганы тууралуу маалыматка жооп бере элек.

ИИМ тараткан маалыматта Сыргакбек уулу кызматтан алынганына байланыштуу сотко кайрылганын, учурда териштирүү уланып жатканы айтылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG