Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:52

G7 уюму орус мунайынын баасына чек коюу маселесин талкуулайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

G7 – “Чоң жети” уюмуна кирген өлкөлөрдүн финансы министрлери Орусиянын мунайынын баасына чектөө киргизүү боюнча Америка Кошмо Штаттарынын администрациясынын сунушун 2-сентябрда талкуулайт. Алар мунайдын баасынын эң кымбат чегин коюуну карашат. Бул маселе буга чейин июнь айында Германияда өткөн G7 саммитинде көтөрүлгөн.

"Биз бул Путиндин кирешесине катуу сокку уруунун эң майнаптуу жолу деп эсептейбиз. Мындай чара дүйнөлүк энергияга болгон баанын төмөндөшүнө да алып келет”, - деди Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер журналисттерге.

Орусия Украинага согуш ачкандан кийин АКШ жана Евробиримдик орус мунайына карата экономикалык санкцияларды киргизген. Бул Орусиянын мунай экспортунун азайышына жана эл аралык мунай рыногунда баанын көтөрүлүшүнө алып келди.

Июль айында Эл аралык энергетика агенттиги Орусиянын мунай экспорту өткөн жылдын августунан берки эң төмөнкү деңгээлге түшкөнүнө карабастан, Москванын экспорттук кирешеси июнь айындагы баалардын жогорулашынан 700 миллион долларга көбөйгөнүн, бул 2021-жылдагы орточо көрсөткүчтөн 40 миллион долларга жогору болгонун билдирген.

Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, жыл башынан бери Орусиянын мунайдан түшкөн кирешеси 50% көбөйдү.

Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери бул маселени орус мунайынын баасын чектөө жолу менен чечүүнү сунушташты. Бирок ал кандай ишке ашары азырынча белгисиз. Мунай рыногунун айрым аналитиктери глобалдык энергетикалык кризис коркунучу тууралуу эскертип жатышат.

Орусия буга чейин орус мунайына болгон баага чек коюлса мунай жеткирүүнү толугу менен токтоторун билдирген.

G7 – “Чоң жети” уюмуна Улуу Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Япония жана АКШ кирет. Көптөгөн өлкөлөр Орусия Украинага басып киргенден кийин ага каршы санкцияларды салган. Бирок орус мунайынын негизги керектөөчүлөрү - Кытай жана Индия жеңилдик алуу менен Орусиядан импортту рекорддук деңгээлге көтөрүштү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG