Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

МАГАТЭнин миссиясы бараткан Энергодар аткылоого кабылды


Запорожье атомдук электр станциясы.
Запорожье атомдук электр станциясы.

Энергодар шаарынын мэри Дмитрий Орлов Орусиянын аскерлери 1-сентябрда шаарды тынымсыз аткылап жатышканын билдирди. Ал Телеграммдагы каналына сокку жарандык объектилерге да урулганын, жараат алгандар бар экенин жазды. Энергодарга чабуул болгонун социалдык тармактын колдонуучулары да жарыялап жатышат.

Украинанын “Энергоатом” ишканасы орус аскерлери Запорожье атомдук электр станциясын (АЭС) миномёттон аткылап, АЭСтин бешинчи энергетикалык блогу өчүрүлгөнүн кабарлады. Компания бул үчүн Орусияны айыптады. Орус тарап азырынча комментарий бере элек.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Орусия АЭСке бараткан Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) эксперттер тобунун маршрутун аткылоону токтотушу керектигин билдирди.

МАГАТЭнин башчысы Рафаэл Гросси Энергодарга жасалган чабуулдарга карабай эксперттердин тобу Запорожье атомдук электр станциясына (АЭС) баратканын айтты.

Запорожье АЭСи орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Аны украин кызматкерлери иштетип жатат.

Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы жумаларда бир нече жолу аткыланып, кооптуу жагдайлар жаралды. Бул үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап келет. МАГАТЭнин миссиясы 30-августта Киев шаарына жетип, 31-августта абалды иликтеп келиш үчүн АЭСке жол тарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG