Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:13

Баткенде жемкорлукту айтып чыккан айыл башчыларынын иши сотко өттү


Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиев
Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиев

Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында мамлекеттик мүлктүн мыйзамсыз менчиктештирилгени боюнча иштерди айтып чыккан Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиевдин иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Башкы көзөмөл орган тараткан маалыматта, Баткен облустук прокуратурасы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Саатбек Эгембердиев, анын мурдагы орун басары Акжол Абдуллаев жана мурдагы бухгалтери Бекжан Жалилов сапатсыз курулуштарга акчаны мыйзамсыз которуу боюнча айыпталып жатканы айтылат.

Башкы прокуратура айыпталуучулар 2014-2019-жылдары жеке пайда көрүүнү көздөп, курулуш иштерин жүргүзүү үчүн туруктуу коррупциялык байланыш түзгөнүн билдирди.

“Алар мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыялабастан, сынак өткөрүшүп, өзүнө ыңгайлуу куруучулар менен тикелей келишим түзүшүп, аларга акча каражаттарын курулуш толук бүтө элек, аткарылбаган жумуштарга которушкан жана сапатсыз курулуштарды кабыл алышкан. Тергөө аракеттеринин жыйынтыгында белгилүү болгондой, жалпысынан мамлекетке 2 млн. 409 миң 111 сомдук зыян келтирилген”, - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Башкы прокуратура мурдагы бухгалтер Бекжан Жалилов өзүнүн кылмышын жашыруу үчүн “документ уурдоого” шек саналып жатканын белгиледи. Бул кылмыш иштин алкагында Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү башка кызмат адамдарынан жана ишкерлерге карата өзүнө иш тергелип жатат.

Жогорудагы шектүүлөргө Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) боюнча айыбы угузулуп, иш Лейлек райондук сотуна кароо үчүн жөнөтүлдү.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, азыр айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев, ушул эле айылдын мурдагы башчысы, азыр Бешкент айыл өкмөтүнүн жетекчиси Бекжан Жалилов жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн азыркы жооптуу катчысы Акжол Абдуллаев 25-мартта кармалган.

Аларга Баткен облустук прокуратурасы 2021-жылдын 26-августунда Жазык кодексинин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” деген беренеси менен иш козгоп, тергөөнү улантуу үчүн аны Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берген.

Быйыл март айында журналист Ыдырыс Исаковдун бул айылдагы жер маселеси тууралуу иликтөөсүндө аталган кишилер айылдагы жемкорлук жөнүндө айтып чыгышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG