Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

Мирзиёев СССРде 100 миң өзбекстандык репрессияга кабылганын айтты


Шавкат Мирзиёев репрессиялардын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында. 31-август, 2022-жыл.
Шавкат Мирзиёев репрессиялардын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында. 31-август, 2022-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 31-августта репрессиялардын курмандыктарын эскерип, СССРде 100 миң өзбекстандык репрессияга кабылганын билдирди. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин сайты жазды.

“Эгемендик алганыбызга 31 жыл болду, бирок биздин аталар буга 100 жылдан ашык убакыт мурда эле жетүүгө аракет кылган. Эгемендик алганга чейин 100 миң мекендешибиз репрессияга кабылып, 13 миңи атылып кеткен”, – деди Мирзиёев.

Шавкат Мирзиёев өткөн жылы Өзбекстандын Жогорку соту репрессиянын курмандыгы болгон 235 адамды актаганын кошумчалады. Өзбекстанда жыл сайын 31-августта Репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү белгиленет.

Репрессия курмандыктарына арналып тургузулган “Шейиттердин элеси” (“Шахидлар хотираси”) комплексинде өткөн быйылкы иш-чарага мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ардагерлер катышты.

Мурдагы СССРдин лидери Иосиф Сталин бийликте турган 1924-1953-жылдары миллиондогон адам саясий репрессиянын түз жана кыйыр курмандыгы болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG