Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

БУУ Кытайдын Шинжаңдагы аракетин адамзатка каршы кылмышка теңеди


Шинжаңдагы кармоочу жай делген лагерь.
Шинжаңдагы кармоочу жай делген лагерь.

Кытай бийлигинин Шинжаңдагы уйгурларга жана башка мусулман азчылыктарын күчтөп камап, кыйноого алып, катаал мамиле жасаганы “адамзатка каршы кылмышка” барабар болушу мүмкүн. Мындай корутунду Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкармалыгынын көптөн бери күтүлүп жаткан баяндамасында чыгарылган.

31-августта жарык көргөн документте уюм расмий Бээжинди соңку жылдары адам укуктарын одоно бузганы үчүн айыптаган. Кытай БУУдан отчетту жарыялабоону талап кылып, аны “Батыш державалары уюштурган Бээжинге каршы өнөктүктүн бир бөлүгү” деп атады.

Баяндамада кынтыксыз далилдерге таянуу менен, камактагылар кыйноого, сексуалдык жана гендердик зомбулукка кабылганы, төрөттү көзөмөлдөө максатында күчтөп дарылоо болгону белгиленген.

48 барактан турган баяндама буга чейин укук укоргоочулар жана башка эл аралык уюмдар айтып келген билдирүүлөрдү ырастагандай болду.

БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишель Бачелет май айында Шинжаңга барып кеткен. Анын сапарын жергиликтүү аткаминерлер коштоп жүргөн. Батыш дипломаттары жана Улуттар Уюмунун расмий адамдарынын айтымында, отчеттун даярдалганына бир нече ай болсо да, документ Бачелеттин ыйгарым укуктарынын аякташына бир нече мүнөт калганда гана жарыяланды.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын өкүлдөрү “саясий тарбия берүүчү лагерлер” деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы 2017-жылдан бери кабарланып келет. Ал жерде 1 миллионго чейин адам бар экени айтылып жүрөт.

Буга чейин АКШнын өкмөтү, Британиянын, Нидерланддын, Канаданын, Франциянын парламенттери Кытайдын аракетин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген. АКШ жана башка эл аралык укук коргоо уюмдары Бээжинди “уйгурларга каршы геноцид кылып жатат” деп айыпташкан.

Кытай Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG