Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:54

“Лукойлдун” жетекчиси оорукананын терезесинен кулап каза болгону кабарланды


Орусиянын президенти Владимир Путин жана “Лукойлдун” жетекчиси Равиль Маганов. Архивдик сүрөт.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана “Лукойлдун” жетекчиси Равиль Маганов. Архивдик сүрөт.

“Лукойл” мунай компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Равиль Маганов Москвада Борбордук клиникалык оорукананын терезесинен кулап каза болду. Бул тууралуу “Интерфакс” маалымат агенттиги ысымын атагысы келбеген жеке булагына шилтеме берип жазды. “Лукойл” ишканасынын басма сөз кызматы Магановдун өлүмүн ырастап, “ал катуу оорудан кийин каза болгонун” билдирди.

REN TV телеканалынын маалыматына караганда, компаниянын 67 жаштагы топ-менежери 6-кабаттагы бөлүмдө дарыланып жаткан. Mash телеграм каналы Равиль Маганов жүрөк оорусунан улам терапия бөлүмүндө жатканын жазды.

РБК басылмасынын булагы алдын ала версия боюнча, ал жыгылганда алган жаракатынан улам каза болгонун билдирди. Өз жанын кыюу да болушу мүмкүн экени айтылып жатат.

Равиль Маганов “Лукойлдун” директорлор кеңешине 1993-жылы кирген. 2006-жылы компаниянын аткаруучу вице-президенти болуп иштеген. 2020-жылы директорлор кеңешинин жетекчиси болгон.

Орусия Украинага согуш ачкандан кийин “Лукойл” компаниясынын расмий сайтына маалымат чыккан. Анда директорлор кеңеши “Украинадагы согушту тез арада токтууга чакырганы” жазылган. Ишкананын жетекчилиги болсо кырдаалды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө үндөгөн. “Лукойл” – Украинадагы согуш тууралуу ачык билдирүү жасаган жападан жалгыз компания.

Орусия Украинага быйыл 24-февралдагы кол салуусун “атайын операция” деп атап келет. Дүйнө коомчулугу Орусияны агрессор катары айыптап жатат.

XS
SM
MD
LG