Орусиянын президенти Владимир Путин СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв менен 1-сентябрда өлүкканада коштошту. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин буга чейин пландалган ишине байланыштуу Калининградга учуп кеткендиктен акыркы сапарга узатуу зыйнатына катыша албай турганын билдирди.
Михаил Горбачёв менен коштошуу зыйнаты 3-сентябрда Москвада Кремлдин Колонналар залында болот жана сөөгү Новодевичье көрүстөнүнө коюлат.
Михаил Горбачёв CCCРди жетектеп турганда “кансыз согуш” токтоп, Ооганстандан советтик аскерлер чыгарылган. Коммунисттик партия жетектөөчү жана багыттоочу ролунан баш тарткан.
Ал 1989-жылы Чыгыш Европада демократиячыл кыймылдардын нааразылыгы кулач жайган кезде митингчилерге каршы күч колдонуудан карманган. СССРдеги ачыктык жана реформаларга багытталган айкындык жана кайра куруу саясатынын демилгечиси болгон. 1990-жылы ага Нобелдин тынчтык сыйлыгы ыйгарылган.
Орусияда СССРдин кыйрашы үчүн Горбачёвду күнөөлөгөндөр да бар. Мурдагы советтик лидер өз маектеринде бир катар каталарды кетиргенин моюнуна алып, СССРде реформаларды бир канча убакыт мурда башташ керек болчу деген пикирин айткан.
Михаил Горбачёв 30-августта 91 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумду. Анын каза болгонуна байланыштуу дүйнөнүн бир катар лидерлери көрөгөчтүгүн белгилеп билдирүү кылышты.