Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

Токаев: Январь окуясында кармалгандардын айрымдарына мунапыс берилет


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Январь окуясында кармалгандарга бир жолку мунапыс берилерин убада кылды. Ал 1-сентябрда парламенттеги кайрылуусунда мындай жеңилдик оор кылмышка айыпталбагандарга колдонула турганын айтты.

“Башаламандыкты уюштуруунун башында тургандарга, мамлекеттик чыккынчылыкка жана бийликти күч менен алмаштыруу аракетине айыпталгандарга мунапыс берилбейт”, — деди Токаев.

Касым-Жомарт Токаев канча адамга мунапыс берилерин жана “негизги айыпталуучулардын” аты-жөнүн тактаган жок. Бирок Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) мурдагы төрагасы Карим Масимов жана анын орун басарлары камакта экени белгилүү. Аларга “Мамлекетке чыккынчылык” “Бийликти узурпациялоо”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен айып тагылган.

Касым-Жомарт Токаев парламенттеги кайрылуусунда күзүндө кезексиз президенттик шайлоо өтөрүн жарыялады. Анын бул жолку билдирүүсү шайлоо алдындагы убада катары кабыл алынууда.

Быйыл 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер болгон. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.

Бир нече шаарда акцияга чыккандарды аскерлер жана полиция күч менен басып, башаламандык чыккан. Расмий маалымат боюнча, тоз-тополоңдо 238 адам каза болду. 1-августта прокуратура Январь окуясы боюнча айыпталган 92 адам абакка кесилгенин кабарлаган. Жалпысынан 474 кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG