Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

МАГАТЭнин башчысы Запорожье АЭСинин бүтүндүгү бир нече жолу бузулганын айтты


Рафаэль Гросси журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат.
Рафаэль Гросси журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат.

Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин башчысы (МАГАТЭ) Рафаэл Гросси Запорожьедеги атомдук электр станциясына бир нече жолу залал келтирилгенин билдирди.

Бул тууралуу ал март айынан бери орусиялык аскерлердин көзөмөлүндө болгон АЭСке баргандан кийин журналисттерге билдирди.

"Бизде баа берүү үчүн керектүү элементтер жок - бул кокустук болгонбу же атайылап жасалганбы, бирок бул азыркы бизде болгон чындык. Бул мындан ары улантылбашы керек", - деди ал.

Гроссинин айтымында, МАГАТЭнин эксперттери Запорожье АЭСинин абалы менен таанышып чыкты. Эми адистер техникалык аспектилерин анализдейт. Эксперттер станциянын абалы боюнча техникалык маалыматтарды чогултуу үчүн Запорожье атомдук станциясында бери дегенде 4-5-сентябрга чейин болот.

МАГАТЭ маалыматты ыкчам алып туруу үчүн Запорожье атомдук электр станциясы жайгашкан Энергодар районуна туруктуу өкүлчүлүк ачууну дагы пландоодо.

"Мен станциянын абалы турукташканга чейин тынчсызданып жатам жана тынчсыздана берем", - деген Гросси.

Запорожье АЭСи орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Аны украин кызматкерлери иштетип жатат. Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы жумаларда бир нече жолу аткыланып, кооптуу жагдайлар жаралды.

МАГАТЭнин миссиясы 30-августта Киев шаарына жетип, 31-августта абалды иликтөө үчүн АЭСке жол тарткан.

XS
SM
MD
LG