Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:50

Түркияда 19 кыргызстандык абакта жатат

Түркияда 19 кыргызстандык ар кандай кылмыштарга айыпталып абакта отурат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен "Азаттыкка" кабарлашты.

Маалыматка караганда, абактагылардын көбү адам өлтүрүү, талап-тоноо, документтерди жасалмалоо кылмыштарына айыпталып кармалган.

Расмий маалымат боюнча, Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өтүп, убактылуу жашайт.

Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенишет. (ZKo)

​
XS
SM
MD
LG