Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Украинанын премьер-министри Берлинге барды


Украинанын премьер-министри Денис Шмыгал.
Украинанын премьер-министри Денис Шмыгал.

Украинанын премьер-министри Денис Шмыгал Германиянын канцлери Олаф Шольц менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 3-сентябрдын кечинде Берлинге барды. Ал соңку бир канча айдын ичинде Германияга барган украиналык алгачкы расмий жетекчи болуп калды.

Анын сапары Германия менен Украинанын ортосунда чыңалуу токтогонун ишарат кылууда. Буга чейин расмий Киев "орус күчтөрүнө каршы күрөшүүгө жетиштүү жардам берген жок" деп Берлинди айыптаган.

Шольц июнь айында Киевге келип кеткен жана андан көп өтпөй Украинага көбүрөөк курал-жарак жөнөтүлө баштаган.

"Германия Украинага курал-жарактан колдоо көрсөтүүдө чоң жылыш жасады", - деп билдирди Шмыгал Берлинге сапарынын алдында.

Ал Киев Германиянын "Леопард-2" сыяктуу заманбап согуштук танктарына муктаж экенин белгиледи. Ошондой эле Украина орус энергиясына көз карандылыгын азайтуу үчүн Германияга электр энергиясын экспорттоого даяр экенин кошумчалады. Орусия кол салган февраль айынан бери Украинанын өзүндө электр энергиясын керектөө кескин азайып кеткен.

Украин өкмөт башчысы Берлинде Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен да жолугат. Штайнмайер орус күчтөрү Украинага басып киргенден көп өтпөй Киевге болгону 5 миң коргоочу шлем сунуш кылганы үчүн сынга кабылган. Буга чейин ал Орусияга жумшагыраак мамиле кылууну көздөгөн саясатты алга сүрөп келген. Бирок кийинчерээк бул саясат катачылык болгонун моюнуна алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG