Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Журналист Болот Темировдун сотунда тараптардын жарыш сөзү башталды


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун сотунда бүгүн 6-сентябрда тараптардын жарыш сөзү башталды. Сөз айыпталуучу тарапка берилип, суроолорду анын адвокаты узатып жатты. Иш Свердлов райондук сотунда каралууда. Темиров "Азаттыкка" курган маегинде кылмыш иши негизсиз козголгонун айтты:

"Бешинчи бөлүм паспорт боюнча ишти баштаган. Дал ушул бешинчи бөлүм оппозицияга каршы аракет жасап жүрөт илгертен, КГБ убагынан бери. Азыр да бийликтин буйругу менен эптеп-септеп мага эч нерсе таба албай, бир да күнөө тага албай, ушинтип маңзат таштап, анкетаны жасалмалап, мени отургузганга аракет кылып жатышат".

Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Анын алдында Болот Темировдун “Ютубдагы” Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.

Темировго жана Назаровго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон.

Темировго паспорт, аскер билетин мыйзамсыз алуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана баңги зат боюнча беш берененин негизинде жалпысынан төрт иш козголуп, алар баары бириктирилип каралууда. Тергөөнүн материалдарында Темировдун аскердик билети Орусиянын жаранына таандык экени жазылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тозуу болуп жатканын четке каккан.

Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген.

Төкмө акын Болот Назаров "Ютуб" каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет. (KJ/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG