Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:42

Херсондо Орусиянын төрт ок-дары кампасы жок кылынганы кабарланды


Украинанын Куралдуу күчтөрү. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын Куралдуу күчтөрү. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Куралдуу күчтөрү Херсон облусунда Орусиянын ок-дары сакталган төрт кампасын жок кылды. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлигинин “Түштүк” командачылыгы билдирди. Маалыматка караганда, ал кампалар Берислав, Херсон жана Баштанка райондорунда жайгашкан.

Украина Орусиянын армиясынын логистикасына жана таяныч пункттарына абадан 18 жолу сокку урганын кабарлады.

Бул чабуулдардан Орусия армиясы 86 жоокерин, төрт танкын, 12 чопкутталган автоунаасын, бир катар аскердик техникаларын жана байланыш станциясы менен танкка каршы ракеталык комплексин жоготкону маалымдалды. Орусия тарап бул тууралуу комментарий бере элек.

Украинанын Куралдуу күчтөрү Херсон облусунда жана түштүктөгү башка аймактарда контрчабуул баштаганына бир апта болду. Маалыматтар боюнча, алар бир нече конуштарды өз көзөмөлүнө алууга жетишти. Аймактын басымдуу бөлүгү азыр деле орус аскерлеринин көзөмөлүндө.

Орусиянын аскерлери 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. Бул аралыкта Киев 9 миңдей жоокерин жоготконун тактады. Орусия мартта 1351 аскери өлгөнүн расмий билдиргенден бери маалыматтарды жаңылай элек. Украиндер орус армиясынын 50 миңге жакын аскери өлдү деп кабарлап жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG