Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Актер Чыңгыз Мамаевдин соту 12-сентябрга жылды


Чыңгыз Мамаевге байланыштуу соттук отурум. 6-сентябрь, 2022-жыл.
Чыңгыз Мамаевге байланыштуу соттук отурум. 6-сентябрь, 2022-жыл.

Чет өлкөлүк жаранды зордуктоого шектелип кармалган актер Чыңгыз Мамаевдин соту 12-сентябрга жылды.

6-сентябрдагы жараянда актерго каршы арыз жазган германиялык Сабрина Шуберт келбей калгандыктан, сот ушундай чечим кабыл алды.

Ишти Бишкектин Свердлов райондук соту жабык карап жатат. Бүгүнкү отурум учурунда сот имаратынын сыртына актёрдун жакындары, кесиптештери чогулуп, ага кылмыш иши негизсиз козголгонун билдиришти.

Мамаев 2022-жылы апрель айында зордуктоого шек саналып кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети") менен иш козголгон.

1-апрелде Дулат Кожоев аттуу жаран үйүнө Германиядан конок катары келген Сабрина Шубертти Чыңгыз Мамаев зордуктаганын айтып чыккан. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG