Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Тажикстанда курсак байлаган орган кызматкерлерине көп басуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Хатлон облусунда эткел милиция кызматкерлерине тарыхый жерлерди кыдырып, көбүрөөк сейилдөө сунушу берилди. Мындай буйрукту ички иштер министри Рамазан Рахимзода Бохтар шаарына болгон иш сапарында бергенин ИИМдин Хатлон облусу боюнча тергөөчүсү билдирди.

Атын ачык айтууну каалабаган “Азаттыктын” тажик кызматынын жеке булагы министр ашыкча салмак кошкон бир нече милиция кызматкерлерин сынга алып, аларга көбүрөөк басууга тапшырма бергенин айтты.

Ички иштер министрлигинин Хатлон облусу боюнча башкармалыгы ашыкча салмактагы милиция кызматкерлерине байланыштуу комментарий берген жок. Бирок министр “өздүк курамдын дүйнө таанымын кеңейтип, ден соолугун чыңдоо үчүн бош убактысында тарыхый жайларга көбүрөөк саякаттоо сунушун” бергенин ырастады.

2016-жылдын декабрь айында Тажикстандын Ички иштер министрлиги укук коргоо кызматкерлери арыктап, сырткы келбетине кам көрүшү керек деп талап койгон.

Бою 168-170 см болгон милиция кызматкеринин салмагы 75 килограммдан ашпашы керектиги айтылган. Курсагы чыккан кызматкерлерге бош убактысында стадиондорго, спорт аянтчаларына баруу сунушталган. 2017-жылдын май айында ашыкча салмагы бар 20 милиция кызматкери жумуштан алынып, алардын 13ү кайра эки айдан кийин кызматка дайындалган. 100дөн ашыгы эскертүү алган.

XS
SM
MD
LG