Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Балтика өлкөлөрү орус жарандарын чек арадан өткөрбөөнү макулдашты


Орусиянын паспорту. Иллюстрация сүрөт.
Орусиянын паспорту. Иллюстрация сүрөт.

Балтика өлкөлөрү Орусиянын жарандарын шенген визасы болгон күндө да чек арадан өткөрбөөнү макулдашты. Жүк ташыган автоунаалардын айдоочулары, дипломаттар, үй-бүлөлүк жана гуманитардык себептер менен кирип-чыккандарга тоскоолдук жок. Бул тууралуу Латвиянын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевич Твиттердеги баракчасына жазды.

Чектөө Орусия менен Латвия, Эстония жана Литванын чек арасына киргизилет. Бул өлкөлөр шенген аймагынын бир бөлүгү жана шенген визасы барларды өткөрүүгө тийиш. Буга чейин Латвия, Литва, Польша, Финляндия жана Эстония Орусиянын жарандарынын шенген аймагына киришин коомдук коопсуздукка коркунуч деп атаган.

Орусия Украинага согуш ачкандан кийин Евробиримдиктеги айрым өлкөлөр, анын ичинде Балтика мамлекеттери, Польша жана Чехия орус жарандарына шенген визасын берүүнү биротоло токтотууну же чектөөнү сунуштаган. Бирок ал колдоо тапкан жок.

6-сентябрда Еврокомиссия Орусия менен виза режимин жеңилдетүү боюнча келишимди 12-сентябрда токтотууну колдоду. Евробиримдиктин кеңеши сунушту ушул аптада жактырат деп күтүлүүдө. “Франс Пресс” маалымат агенттиги чечим кабыл алынса, виза орусиялыктар үчүн мурдагыдай 35 евро эмес, 85 еврого чейин көтөрүлүп, арызды кароо мөөнөтү 45 күнгө чейин узартыларын жазды.

XS
SM
MD
LG