Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Путин келерки аптада Өзбекстанда Си Цзинпин менен жолугушат


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кытайдын төрагасы Си Цзинпин. Бээжин. 2018-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кытайдын төрагасы Си Цзинпин. Бээжин. 2018-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин келерки аптада Өзбекстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жыйынында жолугушат.

Эки өлкөнүн лидерлери акыркы жолу февралда, Орусия Украинага каршы согуш ачканга чейин жолугушкан.

Расмий Бээжин Украинадагы согушка байланыштуу АКШ менен НАТОну Орусияны чагым кылды деп айыптап, Москвага каршы киргизилген санкцияларды сынга алган.

Август айында АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайван аралына жасаган сапарынан кийин Бээжин менен Вашингтондун мамилеси курчуганда Кремл Кытайды колдогон.

Ушул айда Кытайдын аскерлери Орусияда өткөн “Восток-2022” аскердик машыгуусуна катышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG