Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

Азербайжан Армениянын дагы беш аскер туткунун кайтарып берди


Армениянын Улуттук коопсуздук кызматынын имараты.
Армениянын Улуттук коопсуздук кызматынын имараты.

Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы Азербайжан дагы беш аскер туткунун кайтарып бергенин билдирип, муну “эки өлкөнүн алакасын жакшыртууга болгон кадам” деп баалады. Ушуну менен Азербайжан Армениянын баш-аягы 155 туткунун мекенине кайтарды.

Буга чейин Азербайжандын жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнүн Жогорку соту Армениянын төрт жаранынын жаза мөөнөтүн кыскартып, аларды бошотконун жазышкан.

“Азаттыктын” армян кызматы билдиргендей, такталган маалыматтар боюнча Азербайжанда дагы 33 армян туткуну бар. Алардын көбү чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана терроризмге шек саналып соттолгон.

Ал эми болжолдуу эсепте Азербайжанда кеминде 60ка жакын армян кармалып турат. Расмий Баку туткундардын баарын Арменияга кайтарып бергенин бир нече жолу кайталап, азыр түрмөдө жаткан армян жарандарын “террорчулар” деп атаган.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Шаарды алгандын эртеси Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу келишимине кол коюшкан.

Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

XS
SM
MD
LG