Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Финансы министрлиги: тышкы карызды төлөөгө 20,5 млрд. сом жумшалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан жыл башынан бери, жети айда мамлекеттик карызды төлөөгө республикалык бюджеттен 20 миллиард 575,4 миллион сом жумшады. Анын 13 миллиард 169,3 миллион сому тышкы карызды төлөөгө бөлүнгөн. 7 миллиард 401,1 миллион сому ички карызга сарпталган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Расмий маалыматка караганда, 31-июлга карата берилген маалымат боюнча Кыргызстандын ички жана тышкы карызынын суммасы 5 миллиард 213 миллион доллардан ашкан. Анын 4,2 миллиард доллары тышкы карыз.

Буга чейин доллардын курсу олку-солку болуп жаткандыктан быйыл Кыргызстанда тышкы карызды төлөөгө кошумча 6 миллиард сом каралып жатканын 24-мартта өкмөт үйүндө өткөн брифингде каржы министри Алмаз Бакетаев билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG