Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Запорожье АЭСинин бардык реакторлору токтотулду


11-сентябрга караган түнү Запорожье атомдук электр станциясынын (АЭС) иштеп жаткан акыркы, 6-энергетикалык блогу электр тармагынан өчүрүлдү. Учурда аны муздак абалга өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп жатканын украиналык "Энергоатом" концерни билдирди.

Бул АЭС Запорожье облусунун Энергодар шаарында орус аскерлери көзөмөлдөгөн аймакта жайгашкан. Энергоблоктун өчүрүлүшү тууралуу билдирүүнү оккупацияланган аймактын администрациясы тастыктады.

"Энергоатомдун" маалыматына караганда, акыркы үч суткада 6-энергоблок өтө төмөн кубаттуулук менен иштеп, Запорожье АЭСнин керектөөлөрүн гана камсыз кылып келаткан.

Агенттиктин маалыматына караганда, Орусиянын аткылоосунан улам Запорожье атомдук электр станциясынын Украинанын энергетика системасы менен бардык байланыш линиялары жабыркаган. Орус тарап электр линияларын да, атомдук станциянын да аткылоого украин аскерлерин айыптоодо.

АЭСтин тегерегиндеги абалга БУУ жана дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү тынчсыздануусун билдиришкен.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) миссиясы буга чейин Запорожье АЭСине барып келишти. 6-сентябрда МАГАТЭ өзүнүн отчетун жарыялап, дүйнө коомчулугун Запорожье атомдук электр станциясынын (АЭС) айланасында тез арада коргоо зонасын түзүүгө жана АЭСтин аймагын аткылоону токтотууга көмөктөшүүгө чакырган.

МАГАТЭ өзөктүк апааттын алдын алуу үчүн станциянын аймагында атайын коопсуздук зонасын түзүү боюнча консультацияларды дароо баштоого даяр экенин билдирген.

Запорожье АЭСи орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Аны украин кызматкерлери иштетип жатат. Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы айларда бир нече жолу аткыланып, кооптуу жагдайлар жаралган. Бул үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап келет.

XS
SM
MD
LG