Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Москвада жоголгон тажик блогери Дүйшөмбүдө камакта экени аныкталды


Комёр Мирзоев.
Комёр Мирзоев.

Москвада дайынсыз болуп жаткан тажикстандык блогер Комёр Мирзоев Дүйшөмбүнүн убактылуу кармоочу жайында экени аныкталды. Ал кантип, качан Тажикстанга жеткирилгени белгисиз. Туугандарынын айтымында, блогерди тажик атайын кызматтары уурдап кеткен болушу мүмкүн.

Мирзоев 5-сентябрда Москвада кармалган. Лефортово райондор аралык прокуратурасынын өкүмүнө ылайык, ал Хорогдун Ички иштер башкармалыгында «кылмыштуу топту түзгөн жана ага катышкан» деген айып менен издөөдө турган. Бирок Тажикстан эч кандай далилдерди келтирбегендиктен, 7-сентябрда аны бошотуу чечими кабыл алынган.

«Азаттыктын» тажик кызматынын Ички иштер министрлигиндеги булагы Мирзоев Дүйшөмбүдө камакта экенин ырастады.

Комёр Мирзоев социалдык тармактарда негизинен Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы көйгөйлөрдү жазып келген.

Pamir Daily News порталы кабарлагандай, акыркы жарым жыл ичинде Тоолуу Бадахашандык 20дай адам Москвада уурдалып, Тажикстанга жеткирилген. Алардын айрымдары соттолду. Расмий Дүйшөмбү алардын баары өз ыктыяры менен келгенин кабарлаган.

XS
SM
MD
LG