Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Зеленский Путин менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн четке какты


Владимир Путин менен Владимир Зеленский. Коллаж.
Владимир Путин менен Владимир Зеленский. Коллаж.

Украинанын президенти Владимир Зеленский CNN телеканалына курган маегинде ушул тапта Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүгө даяр эмес экенин билдирди. Кремл да сүйлөшүү тууралуу позициясын ачык билдире элек.

“Алар келишим, сүйлөшүү менен чыр-чатакты убактылуу токтотуп күч топтоп кайра алдыга жылат. Бул алардын стратегиясы - акырындык менен, өтө жай, бирок бөлүп-бөлүп басып алууну каалашат. Мен бул “оюнду” ойногум келбейт”.

Владимир Зеленский Москва менен Орусия оккупациялап алган Украинанын бардык аймактары бошотулгандан кийин гана келишим түзүлүшү мүмкүн экенин кайталады.

Украинанын коргоо министри Алексей Резниковдун айтымында, февраль жана март айларында Беларуста жана Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдө орус тарап аскерлерин чек арага чыгарып кетсе гана украин делегациясы макулдашууга кол коймок.

Украинанын Куралдуу күчтөрү түштүктөгү Херсон, Запорожье жана Николаев облустарында контрчабуул баштаганына эки апта болду. Чыгыш облустар – Донецк, Луганск жана Харьковдо да орус күчтөрүн сүрүп чыгаруу аракети уланууда.

Владимир Зеленский сентябрь айынын башынан бери украин аскерлери болжол менен 2 миң чарчы чакырым аймакты Орусиянын армиясынан бошотконун айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG